Нарын облусунда коронавирус жуктурган адамдардын саны 267ге жетти

Нарын шаары. Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-майдагы брифингде өлкөдө коронавирусту дагы 38 адам жуктуруп алганын маалымдады. Жаңы учурлардын 25и Нарын облусунда катталды.

Ушуну менен Нарын облусунда коронавирус 267 адамда табылды. Анын ичинен 122 адам айыгып, бир бейтап каза болду.

Аталган облуста коронавирустун алгачкы учуру 29-мартта катталган. Ооруну жуктуруп алган жаран Пакистанга дааватка барып, 15-мартта өлкөгө кайта келген.

Нарынга келээрден мурда ал Ош жана Бишкек шаарларына барып келгенге үлгүргөн. Кийинчерээк ал үй-бүлөсү менен кошо дарылануудан баш тарткан. Милиция ага карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.

Аталган аймакта өпкө илдетин шарттаган инфекциялык оору кескин жайылууда. Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, буга карантин эрежелеринин сакталбай жатканы себеп.

Кыргызстанда коронавируска 1403 адам чалдыкты. Коронавирус жуктурган 14 жаран каза болду, 980 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Ооруканаларда 409 адам калууда. Алардын ичинен он бир адам оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1901 адам жатат. Бир сутка ичинде 2234 изилдөө жүргүзүлдү.