Чек ара чырында жарадар болгон аскер кызматкерине Москвада операция жасатуу маселеси каралууда

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Твиттерде Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган чек ара кызматкерлеринин бири Мирбек Султанбек уулуна Орусиянын Москва шаарында операция жасоо керектиги жөнүндө маалымат жарыяланды. Султанбек уулу 8-майдагы чек ара чырында жарадар болгон, анын кыр аркасынын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген.

Саламаттаык сактоо министрлигинен «Клоопко» чек арачынын абалы аны башка өлкөнүн ооруканасына которууга жол бербейт дешти. Жергиликтүү дарыгерлер Орусиянын Бурденко атындагы борбордун хиругдары менен консилиум өткөрүшүп, аны убактылуу Кыргызстанда дарылоону улантышат.

«Шашылыш түрдө операция болбойт, Бурденконун адистеринин катышуусунда консилиум өткөрүлгөн. [Консилиумда] онлайн Миталип Мамытов да болгон. Ок аскерди бир гана кыр арка сөөгүндө эле эмес, курсагында да бар. Улуттук госпитальда операция жасалды. Азырынча анын абалын байкап жатышат. Азырынча транспортация кылууга болбойт, бул жакта дарыланат. Азырынча Бишкекте болот», — деп жооп беришти министрликтен.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан операцияны Москва шаарында жасатуу маселеси каралып жатканын билдиришти. Ошондой эле өкмөт өкүлдөрү аскер кызматкеринин апасы менен жолугушуп, операциянын талкуулаганын маалымдашты.

«Бишкекте консилиум өткөн. Дарыгерлер операцияны бул жерде өткөрсө болот, бирок аскердин ата-энеси операцияны Москвада өткөрүүнү суранышты. Чек аралар жабылганына байланыштуу ТИМ, чек ара кызматы жана кыргыз өкмөтү бул маселени [чечүү жолдорун] иштеп чыгууда», — дешти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында чыр 8-май күнү болгон. Натыйжада 6 адам жарадар болгон — төрт кыргызстандык жана эки тажикстандык.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын чек арачылары кыргыз чек арачылары менен жарандарын көздөй миномёттордон ок чыгарышкан — үч кыргызстандык аскер октон жарадар болушкан. Ошондой эле бир жарандын бетине таш тийген — ага ошол эле күнү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал дарыланууну үй шартында уланкан.

Жарадар болгон үч аскерге биринчи Баткенде операция жасалган, кийинчерээк «өтө оор» абалда болгон чек арачы Бишкектеги Улуттук госпитальга которулган.

Кыргызстандын версиясына ылайык, чыр-чатак эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси талашка түшкөндөн улам башталган — бул жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөн. Бирок коңшу мамлекеттен бул тилке Тажикстанга караштуу экенин айтышкан.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 1084 километрди түзөт. Чек аранын 53,4%ы эле такталган, ал эми калган дээрлик 452 километри азыркы учурга чейин делимитациялоо боло элек.

Чек арада такталбаган жер тилкелерден улам эки элдин ортосунда үзгүлтүксүз чыр чыгып турат. Эки тараптын бийлиги чек ара маселесин чечүүнү убадалашат, бирок андан майнап азырынча чыга элек. Чек арага чектеш жашаган тургундардын ортосунда чыккан жаңжалдар ок чыгарууга чейин барат, кээ бир чырдан улам адам өмүрлөрү кыйылат.