COVID-19 дагы 35 адамда аныкталды — жалпы 1468 учур

Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабдан 26-майга карата коронавирустун жаңы 35 учуру катталганын маалымдашты — алардын жетөөсү медкызматкер.

Бишкек шаарында коронавирустун жаңы 16 учуру катталды — алардын ичинде Орусиядан келген 4 аскер кызматкери жана төрт медкызматкер бар. Чүй облусунда COVID-19 7 бейтапта аныкталды — алардын үчөөсү Соль-Илецктен келген кыргызстандык. Ошондой эле коронавируска Нарын облусунда сегиз — алардын үчөөсү медкызматкер — Ош облусунда төрт адам чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1468ге жетти — анын 287си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1015 адам айыгып, он алты бейтап каза болду. Илдеттен көз жумгандардын арасында бир медкызматкер жана парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев да бар.

COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 417. Нарында илдет кескин жайылып учурда облус бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат — 280 учур. Чүй облусунда — 225 учур, Ош облусунда — 211, Жалал-Абад облусунда — 159, Ош шаарында — 135, Баткен облусунда — 27 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 437 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде сегиз бейтап оор абалда — төрт бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2333 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6875ти түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 1788.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.