Кара-Кулжанын тургуну үч баласына коронавирус жуктуруп алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 26-майда төрт адамдан коронавирус аныкталды. Алар бир үй-бүлөдөн — атасы жана үч баласы.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, коронавирусту балдарына атасы жугузуп алган. Учурда анын Covid-19га кантип чалдыкканы жана байланышта болгон башка адамдар изилденүүдө.

«Атасы жаан жаап турган мезгилде көр казган экен. Үйүнө келгенден кийин ооруп калган. Биринчи суук тийди деп ойлогон, дене табы түшпөй койгондо ооруканага кайрылган», — деди Абдурахманов.

Кара-Кочкордун тургуну үч баласы менен обочого алынып, ал эми жубайы обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Мындан он күн мурда Орусиядан жүрөк оорусунан улам каза болгон кыргызстандыкты аталган райондун Кара-Кочкор айылына коштоп келген эки жарандан коронавирус табылган. Алар менен байланышта болгон 77 жаран аныкталып, алар обсервацияга жаткырылган. Бирок Абдурахманов коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон тургун тажыяга катышпаганын айтты.

27-майга карата Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 1520га жетти, анын ичинен алты учур Кара-Кулжа районунда катталды. Коронавирустан жалпы 1043 адам айыгып, он алты бейтап каза болду.