Чек арадагы жаңжал. Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьери менен жолугат

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Ошондой эле, Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт. Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Сох анклавынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжалга такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагы себеп болгон. Эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда алгач кайым айтышуу орун алып, ал таш ыргытууга айланган.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун айтымында, булак такталбаган аймакта жайгашкан, аны эки тарап тең пайдаланып келген. Мындан тышкары, булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымалдыгын кошумчалаган жана маселени чечүүнүн жолдору бар экендигин белгилеген.

Ошондой эле, алдын ала маалымат боюнча чырда кыргыз тараптан жалпы 25 адам жарадар болгон. Саламаттык сактоо министрлигинен Айдаркен шаарындагы ооруканага төрт адам жаткырылып, экөөнүн абалы «оор», дагы экөөнүкү «салыштырмалуу канааттандырарлык» деп белгилешти. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга чыгарылган.

Ал эми өзбек тараптан бир нече адам жаракат алып, 16 киши ооруканага түшкөнүн «Азаттыктын» өзбек кызматына Сох анклавынын тургуну билдирген.