Жалал-Абадда депуттатын агасын атууга шектелип бир киши кармалды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы Сапарали Акановду травматикалык курал менен атууга шектелип 25 жаштагы киши кармалды.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев шектүү 31-майда Базар-Коргон районунун аймагынан кармалгандыгын билдирди.

«Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган учурда шектүүнүн жанынан жабырлануучуну аткан курал алынды», — деди Жээнтаев.

26-майда кечки саат 22:00дөр чамасында Сапарали Акановго маркасы белгисиз травматикалык куралдан жамбашына эки жана бутуна үч жолу желим ок атылып, ооруканага түшкөн. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы азиат тектүү 20-25 жаштардагы эки бала ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Милиция аларга ошол эле күнү издөө жарыялаган.

Жээнтаев буга чейин Акановду бул кылмышка катыштыгы бар экинчи шектүү тууралуу маалымат бере алган жок.

Сапарали Аканов

Аканов 2005-жылы Ош шаарындагы «Алай» мейманканасынын алдындагы атышууга да катыштыгы бар экендиги айтылган. Бирок аны милиция кармай алган эмес.

Ал эми 2011-жылы ИИМ министринин ошол кездеги орун басары Мелис Турганбаев Кара-Суудагы «Туратали» базарынын башчысы Абдалим Жунусовду жана анын айдоочусу Санжарбек Жайлообаевди өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин бети ачылгандыгын кабарлаган. Бул кылымыш ишинде шектүү катары 34 жаштагы Сапарали Акановду аташкан.

Милициядан Акановдy «күнөөлү» деп табылып-табылбагандыгы жана ага карата кандай өкүм чыгарылгандыгы тууралуу так маалымат бере алышкан жок. Биз архивден маалымат алуу үчүн сурамкат жөнөттүк.

Бирок 2015-жылы «Саясат» басылмасы ИИМдин маалыматына таянып, Аканов Жунусовду өлтүрүү боюнча соттолгондугун жана ага карата мажбур психиатриялык дарылануу дайындалгандыгын маалымдаган.

Ошентсе да Аканов эркиндикке коё берилген, анткени 2014-жылы Каримов дегенди сабап, анын алтын казуучу жер үлүшүнөн алтын кенин ала баштаган. Мыйзамсыз алтын казуу боюнча да кылмыш иши козголгон. Ал эми 2015-жылы милиция аны ээнбаштык үчүн кармап, бирок ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле аталган басылма Акановду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишенимдүү адамы деп белгилеген.