Видео: Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты, жабыркагандар бар

Материал жаңыртылып турат

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыкты. Кыргыз тараптан жабыркагандар бар болгону маалымдалды, бирок алардын так саны белгисиз.

Соцтармакта жарыяланган видеодон 100дөгөн кыргызстандык чогулуп турганын жана таш ыргытуу болуп жатканын көрүүгө болот. Жаңжал бир нече саат бою уланууда.

Андан тышкары, башка бир тасмада адамдар топтолуп кайым айтышуу жана тирешүү орун алганы көрсөтүлгөн. Видеону жарыялаган фейсбуктун колдонуучусу Жалалдин Оболбек чыр Кадамжайдын Чечме айылында жаралганын жазды.

«7-каналдын» журналисттери фейсбуктагы баракчасында саат 18:00дан кийин чыр чыккан аймактан түз эфир кылышты. Анда тургундар жаңжал түшкү саат 12:00лерде башталганын айтышкан. Чечме айылынын жашоочуларынын бири булактын башында кыргызстандыктардын бир нече унаасы өзбек жарандары тарабынан талкаланганын билдирген.

Ошондой эле, түз эфирден жаракат алгандарды да көрүүгө болот. Телеканалдын журналисттинин айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча 10го жакын киши жарадар болгон. Аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлүүдө дейт журналист.

Мындан тышкары, Өзбекстандын Сох анклавына чектеш жерде кыргыз жаранынын сарайы күйүп жатканы айтылат. Окуя болгон жерде ондогон формачан күч органдарынын кызматкерлерин да көрүүгө болот.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыкка» аталган жаңжал эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынаарын билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн тургундары Чечме булагын биргеликте колдонуп келишкен. Ал такталбаган аймакта жайгашкандыктан бул сыяктуу чыр жыл сайын эле чыгып турарын белгилеген.

«Кандайдыр бир себептер менен айтыша кетип, бири-бири менен урушуптур. Жергиликтүү бийлик деңгээлинде сүйлөшүү журүп жатат. Таш ыргытышыптыр деп жатышат», — деген ал.

Мадумаров учурда чогулган элдин саны жана жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок экенин кошумчалаган.

Материал жарык көрөөр алдында Мамлекеттик чек ара кызматы жана өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул Баткенде такталбаган чек ара аймагынан улам чыккан май айындагы эле экинчи жаңжал. Буга чейин 8-май күнү облустун Чек аймагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы такталбаган 5000 чарчы метр жер тилкеси эки тараптын тургундарынын ортосунда талашка түшүп, чыр чыккан.

Кийинчерээк ал ок атышууга айланып, натыйжада үч кыргыз аскери жаракат алган. Ал эми чек арага жакын жайгашкан кыргызстандыктын үйү өрттөнүп кеткен.