Жазуучу Олжобай Шакирдин жубайы коронавирус жуктуруп алды

Жазуучу Олжобай Шакир 4-июнда жубайы Covid-19га чалдыкканын билдирди. Ал Ruhesh TV Ютуб каналына эки тасма жүктөп, аялынын аталган ооруга кандайча чалдыкканы боюнча божомолдору менен бөлүштү.

«Биз үй-бүлөбүз менен ушунчалык сактандык. Бирок кайненем ооруп, келинчегим ооруканага ташып жүргөндө жукса керек. Болбосо келинчегим тазалыкты өзү талап кылып жүргөн. Кечээ Канттагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырып, биз да текшерүүдөн өттүк. Жыйынтык бүгүн-эртең чыгат», — деди ал.

Ошондой эле, Шакир «оору жок» деп ойлогондор коомчулукта бар экенин эске алуу менен оору тууралуу айтып берүүнү туура көргөнүн билдирди.

«Өткөндө такси менен Бишкектен келе жатсам таксист колун сунат. “Тарт колуңду” десем, “байке, бул деген саясат, жөн эле жомок кылып атышат” деди. Улуттук саламаттык үчүн биз буга жапа тырмак күрөшүүбүз керек. Илдет чалгы менен чапкандай кыларын түшүнбөй турабыз», - деп кейиди ал.

Мындан сырткары жазуучу медицина кызматкерлеринин ал-акыбалын көрүп айласы кеткенин айтат.

«Себеби алар беткап, көз айнек тагып, скафандр кийип келишти. Бешенесинен тер куюлат. Момундай ысыктын күнүндө элестетип көрүңүздөр. Тез жардамдын айдоочусу үй-бүлөмдү эки айдан бери көрө элекмин дейт. Буларга ушунчалык жүрөгүм ооруду», — деди Шакир.

Жазуучу коронавирус менен күрөшүүдө өкмөткө жардам берүүгө чакырып, наалып, ызаны айткан менен абал оңолбой турганын белгиледи. Ошол эле маалда өкмөттүн ишиндеги кемчиликти да айтып көргөзүү керектигин кошумчалады. Олжобай Шакир дарыгерлерге түзүлгөн шартты жакшыртуу керектигин айтып, Тез жардам кызматында совет мезгилиндеги шалдыраган УАЗ машиналар жүргөнүн айтты.

«Жип минген депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлигине ушундай апаат маалында кол сунбайт. Дарыгерлерге болгон мамилени өзгөртүп, бийликтегилер дагы алардын убалын ойлошу керек», - деди ал.

Шакир улуттун келечегин ойлойлу десек ооруга олуттуу мамиле кылып, ага карата аң сезимди өзгөртүү керектигин кошумчалады.

«Жөн эле мамиле кылганга болбойт, улуттун келечегин ойлосок, аң-сезим менен мамиле кылалы. Мен муну эрмек кылып айтып жатканым жок, өзүмдүн башыма келип, жүрөгүмдөгү маселени айтып жатам», - деп элди сак болууга чакырды.

Өлкөдө 4-июнга карата илдет 1899 кишиге жугуп, андан 1292 бейтап айыкты. Ошол эле маалда коронавирус 20 кишинин өмүрүн алды.