Кыргызстанда коронавирустан дагы 48 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 5-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 48 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарында жети, Жалал-Абад облусунда бир, Ош облусунда эки, Ош шаарында тогуз, Нарын облусунда 29 бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын жалпы саны 1936 адамды түздү. Алардын ичинен 22си каза болуп, 1340 бейтап айыкты — бул оорулуулардын дээрлик 70 пайызын түзөт.

Учурда ооруканаларда 574 адам дарыланып жатат, алардын он экиси жандандыруу бөлүмүндө.