Блогер Сыдымандын соту токтотулуп, кылмыш иши карала баштады

Сот блогер Элмир Сыдыманга карата кылмыш ишин кароону жандантты. Буга анын видеотасмасы боюнча айрым суроолорду тактап алууга байланыштуу маселе себеп болду.

Бишкектин Октябрь райсотундагы териштирүү 8-июнда аякташы керек болчу. Анда блогер акыркы сөзүн айтууну пландап жаткан. Бирок судья бул үчүн ага жол бербеди.

Блогер Элмир Сыдыман (солдо) жана анын адвокаты Алы Магеев. Сүрөт: 24.kg

Мурдараак блогердин адвокаты Али Магеев Сыдымандын айткандары бар видеолорго соттук-лингвистикалык экспертизаларды дайындоону өтүнгөн. Судья коргоонун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, комлекстик психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындаган.

Кылмыш ишин кароо экспертизанын жыйынтыгы чыккыча токтотулду.

Мурдараак прокурор Сыдыманды алты жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал Кыргызстандын ар башка аймактарында колдонулган айрым сөгүнгөн сөздөргө байланыштуу терс пикирин билдиргендиктен улам «аймак аралык кастыкты козутууга» айыпталууда.

Сыдыман Инстаграмдагы барагында түз эфирге чыгып, ага Кыргызстандын түштүк аймактарынан уят сөздөрдү жазышаарын айтып, бул ага жакпасын билдирген.

«Чын, мен бетиңерге элей айтайын, Ош, Жалал-Абад, Баткен өнүгө элек. Балким сен Баткенден, Ош же бир жактан болоттурсуңар, бирок мага чын жүрөктөн жакпайсыңар. Анткени өнүкпөйсүңөр силер», — деп айткан блогер.

«Институт Медиа Полисинин» көз карандысыз эксперттери блогердин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуунун белгилерин таппаганын кабарлашкан.

«Анын айткандарын уксаңыз, ал постторунун алдында ким “туурараак” сөгүнөөрү тууралуу сөз кылган. Бул келесоолук. Ал адамдарды ким алысыраак түкүрөөрүн салыштырып, муну кылганды билбегендерди жолу жок кишилер деп эсептегендей эле да. Же бул сарказм, шылдың — буларга да тыюу салынган эмес», — деп билдирген медиа өкүл Акмат Алагушев.

Буга чейин блогердин апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулун эркинен ажыратпоону суранган. Ал уулу Сыдымандын кармалганы үй-бүлөнү каржы жактан оор абалга кептегенин айткан. «Элмир жаш болгонуна карабастан, ал үй-бүлөнү баккан жалгыз бала», — деп билдирген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аймак аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер эки айга ТИЗОго киргизилди