Ошто карантиндик талаптарды аткарбаган мечит жана чиркөөлөр кайра жабылат

Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» мечити. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу

Кыргызстан боюнча 8-июндан тартып мечиттердин жана чиркөөлөрдүн иши жанданды. Бирок ибадат кылуучулар беткап тагып, социалдык аралыкты сактоосу керек. Ошондой эле диний мекемеге кирээрден мурда кишилердин дене табы өлчөнөт.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров шаардагы карантиндик талаптарды аткарбаган мечиттер кайрадан жабылаарын «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, буга чейин казы жана мечиттин имамдарынын катышуусунда жыйын өтүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Санитардык талаптардын аткарылып жаткандыгын текшерүүчү атайын жети мобилдик топ бар. Алар мечиттерди 8-июндан баштап күтүүсүз барып текшеришет», — деди Абсаттаров.

Кыргызстанда диний мекемелердин ишмердүүлүгүнө чектөөлөр коронавирусту жайылтпоо максатында 17-марттан тарта киргизилген. Бирок мечиттерде мусулмандарга намаз убактылары тууралуу кабар берүү үчүн азан айтылып турган. Ошондой эле даават кылууга да убактылуу чектөө киргизилип, Орозо айт намазы аянттарда окулган эмес.

Ош шаарында 72 мечит, ошондой эле католик жана провослав хрестяндарынын бирден чиркөөсү бар.