Бишкек шаардык №1 ооруканада төрт медикте коронавирус табылды

Бишкекте №1 шаардык ооруканада төрт медкызматкерде COVID-19 табылды. Бул маалыматты «Клоопко» аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Улан Мусаев ырастады.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган медкызматкерлер ооруканага жаткырылып, ал эми алар менен байланышкандардын бардыгы аныкталды.

«Төрт медик учурда алтынчы ооруканада, алардын анализи оң, калгандарыныкы терс чыкты. Алар менен байланышкандар аныкталды, алар кызматрлердин бириникинде конокто болушкан», — деди Мусаев.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 409 медкызматкерге жугуп, ал эми 294 медик ооруканадан айыгып чыгарылды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус Таластагы медкызматкерде табылганын билдирген. Бул пандемия башталган күндөн бери Таласта COVID-19 жуктуруу катталган биринчи учур.

10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурунун 2 093 учуру катталган. Ошол эле учурда республика боюнча инфекциядан 1 572 бейтап айыккан. Ушул убакытка чейин коронавирустан 26 адам каза тапкан.