Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 26га жетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде коронавирустан дагы эки бейтап каза тапканын билдирди.

Анын бири Чүй облусунан Кара-Балта шаарында дарыланып жаткан — 70 жаштагы жаран, экинчиси Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жаткан — 73 жаштагы кемпир.

Үсөнбаевдин айтымында, 70 жаштагы жаран кант диабети менен ооруп, кан басымы да көтөрүлүп жүргөн. Мындан сырткары өтүндө ташы да болгон. Дене табы көтөрүлүп ооруканага келгенде андан COVID-19 аныкталган.

«Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 1947-жылы туулган тургуну болгон. Ооруканага келгенде эски дарттары күчөп, дем алуусу начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Мындан сырткары жүрөк оорусу жана экинчи типтеги кант диабетинен жабыркап жүргөн. Эки бейтап тең дарыгерлердин аракеттерине карабай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болушкан», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 26га жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар. Коронавирустан көз жумгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 10 учур. Бишкек шаарында илдеттен алты бейтап, Чүй облусунда беш, Жалал-Абад облусунда бир жана Нарын облусунда төрт жаран каза болду.

Кыргызстанда 10-июнга карата коронавирус жалпысынан 2093 кишиге жукту. Анын 1572си айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 492 киши дарыланып жатса, алардын экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө.