Бишкектеги Орто-Сай базары 13-июнга чейин дезинфекцияга жабылат

Бишкектеги Орто-Сай базары дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, дезинфекцияга бул базардын сатуучулары жана ага келип-кеткендер COVID-19 белгилери менен дарыгерлерге кайрылып баштаганы себеп болгон.

Мэриядан дезинфекция 10-июндан тартып 13-июнга дейре уланаарын кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстанда COVID-19у бар, бирок анын жуктуруу булагы аныкталбаган жарандар көбөйүп жатат. Мындан тышкары, жарандар адамдар көп чогулган жерлерде — базарларда, кызмат көрсөткөн мекемелерде инфекцияга көбүрөөк чалдыга башташты.

Буга чейин вице-премьер Боронов Бишкектин вирус жуктургандарга байланыштуу боюнча статистикасы кабатыр кылып атканын билдирген — ал төмөндөбөй жатат.

«Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүүгө же аларды катаалдантуу маселесин кароого алып келиши мүмкүн», — деген ал.

10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурунун 2 093 учуру катталган. Ошол эле учурда республика боюнча инфекциядан 1 572 бейтап айыккан. Ушул убакытка чейин коронавирустан 26 адам каза тапкан.