Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын 77 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 12-июнга карата бир суткада коронавирус жуктурган дагы 38 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын арасында тогуз медкызматкер бар. Айыккандардын эң көбү Бишкек жана Ош шаардарында катталды: 13 жана 10. Ошондой эле, Чүй облусунда тогуз, Нарын облусунда беш жана Баткен облусунда бир бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1668 жетти — бул жалпы оорулуулардын 77 пайызын түзөт. Алардын арасында 321 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирустун жаңы 37 учуру катталып, жалпы илдет жуктургандар 2166га жетти. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 472 адам жатат — алардын ичинде бир бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.