«Оптима Банктын» бир нече кызматкеринде коронавирус чыкты

«Оптима Банк» бир нече кызматкерлеринде COVID-19 табылганын маалымдады.

Банктын маалыматы боюнча, инфекцияга чалдыккан жана алар менен байланышта болгон кызматкерлер обочого алынып, карантинге жайгаштырылган.

«Анализдери таза чыкпаган кызматкерлер кардарлар менен байланышта болушкан эмес. Инфекцияга чалдыккан кызматкерлер иштеген бөлүмдөрдөгү иш орундар, ошондой эле аларга жакын жайгашкан орунжайлар жана аймактар дезинфекцияланды», — деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

Мурдараак 8-майда Саламаттык сактоо министрлиги «РСК Банкынын» вирус жуктуруп алган кызматкерлери тууралуу кабарлаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, ал учурда коронавирус банктын Бишкектеги жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы эки кызматкеринде аныкталган.

Кийинчерээк банктан инфекция жугузуп алган кызматкерлер кардарлар менен байланышта болушпаганын билдиришкен.

16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 2 472 учуру катталды. Эпидемия маалында республика боюнча 1 847 бейтап айыгып чыккан. Коронавирус менен ооруган 28 адам каза тапкан.