Парламент Бороновду өкмөт башчылыкка жактырды

Парламенттин депутаттары Кубатбек Бороновду өкмөт башчылык кызматка жактырды. Ошондой эле өкмөттүн курамы жана программасы да колдоого ээ болду. Эми президент Бороновду жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коюшу керек.

Бороновдун талапкерлигин 105 депутат колдоп, экөө каршы добуш берди. Буга чейин парламенттик көпчүлүктүн коалициясы Кубатбек Бороновдун техникалык премьер-министрликке талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

«Сизге чоң ишенич көрсөтүштү, сиз аны актайсыз деп ойлойм. Сиз ак ниет иштейсиз деп ишенебиз. Шайлоо учурунда бардык талапкерлерге бирдей мамиле болот жана бардык тартип сакталат деп үмүт кылабыз», — деди парламентти спикери Дастан Жумабеков.

Боронов депутаттарга талапкерлигин колдоп беришкени үчүн ыраазычылык билдирип, өкмөт чынчыл иштеп берет деп айтты.

Өкмөттүн курамы

Депутаттар жактырган өкмөттүн жаңы курамында Бороновдун ордуна вице-премьер-министрлик кызматка экс-депутат жана «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков дайындалды.

Буга чейин Батырбеков келерки парламенттик шайлоого даярдануу үчүн мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып, ордун партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге бошоткон.

Өкмөттүк аппараттын жетекчилик кызматына ӨКМдин мурдагы статс-катчысы Таалайбек Темиралиев дайындалды. Боронов вице-премьер-министрлик кызматка чейин ушул министрликти жети жыл жетектеген.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылык кызматына Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлигин дайындалды.

Калгандары боюнча министрлер кабинети өзгөрүүсүз калды.

Боронов өкмөттүн мурда кабыл алынган «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын аткарууну улантаарын белгиледи.

Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда өргүүдөн кийин отставкага кеткен. Ал бул өргүүгө радио жыштыктарын сатууга байланыштуу кылмыш ишинен улам кеткен.