Боронов Абылгазиевди узатууда санитардык эрежени бузганы үчүн кечирим сурады. Ал штраф төлөйт

Премьер-министр Кубатбек Боронов Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин санитардык эрежелерди бузганы үчүн кечирим сурап, өкмөттүн бардык мүчөлөрү, анын ичинде экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыппул төлөйт деп билдирди.

Бороновдун айтымында, ал өзү жана өкмөттүн башка мүчөлөрү сүрөткө түшүү үчүн беткаптарын чечишкен жана коомдун сыны туура.

«Бизге сыртка чыгып, сүрөткө түшүүнү сунуш кылышты. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура», — деди өкмөт башчысы.

Мындан тышкары, өкмөт башчысы катардагы кызматкерлерге айыппул салынбайт, себеп дегенде жетекчилик аларды Абылгазиевди узатуу үчүн чакырышкан.

«Мыйзамга ылайык, өзүмдөн тартып, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айыппул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт», — деп кошумчалады ал.

Президенттин сыны

Жаңы өкмөт башчысы Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөттүн бүткүл аппаратын министрлер кабинетинин мүчөлөрү социалдык аралыкты сактабай жана беткапсыз турушканы тартылган сүрөт үчүн сынга алгандан кийин кечирим сурады.

«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Мындай нерселер [коронавирус менен күрөшүү боюнча] аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деп билдирген ал.

Мурдагы премьер-министр Абылгазиевди узатууда тартылган сүрөттү анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жарыялаган. Сүрөттө 120дан ашуун адамдын бири-бирине жанаша турганын жана алар беткап тагынбай турушканын көрүүгө болот. Саламаттык сактоо министрлиги жарандардан коронавирус эпидемиясынын маалында санитардык эрежелерди сактоону дайыма талап кылып келет.

Сүрөттө жарандар санитардык нормаларды сактабай жатат деп бир нече жолу арызданган жаңы өкмөт башчысы Кубатбек Бороновду да көрүүгө болот.

19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоо боюнча кезектеги антирекорд катталды, сутка ичинде вирус жуктуруунун 132 жаңы учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө COVID-19 жуктуруунун жалпысынан 2 789 учуру катталды. Стационарларда 544 бейтап дарыланууда, пандемия убагында оорудан жалпысынан 1 961 адам айыгып, 32 адам каза тапкан.