Кыргызстанда коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 32ге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-июндагы брифингде коронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болгонун билдирди.

Маркум 55 жашта болгон, ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк ооруканасында даарыланып жаткан. Үсөнбаевдин айтымында, каза болгон жаран 25-майда бээнин сүтүн ичүү үчүн жайлоого чыгып, ошол жактан дене табы көтөрүлүп ооруп келген.

«Маркумдун кошумча жүрөк оорусу да болгондуктан, коронавирусту жуктуруп алгандан кийин сепсис да кошулуп, абалы оорлошуп кеткен. Ооруканага келгенде эски дарттары күчөп, дем алуусу начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Мындан сырткары жүрөк оорусунан жабыркап жүргөндүктөн, дарыгерлердин аракеттерине карабай каза болду», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 32ге жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар.

Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус жалпысынан 2789 кишиге жукту. Анын 1961и айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 544 киши дарыланып жатса, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.