Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн бир подъезди обочого алынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад шаарындагы №28 көп кабаттуу турак жайдын бир подъезинде жашаган онго жакын тургун 18-июнда обочого алынды. Бул боюнча «Клоопко» Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Жээнбековдун айтымында, аталган көп кабаттуу үйгө 12-июнда коронавирусту жуктуруп алган тургун бир тууганынын үйүнө келип түнөгөн.

«Эжесинин үйүнө келген жарандын абалы оорлошуп, ооруканага жаткырылгандан кийин каза болуп калган. Медиктерден турган мобилдик топ дароо эле №28 үйгө барып, жашоочулардан анализ алып, дезинфекция иштерин жүргүзүшкөн. Учурда анализдердин жыйынтыгы чыга элек», — деди Жээнбеков.

Буга чейин 17-июнда Жалал-Абад облусттук ооруканасында дарыланып жаткан 36 жаштагы кишинин коронавирустан каза тапканы кабарланган. Республикалык штабдан билдиргендей, маркум 11-июнда тажыяга катышуу үчүн Жалал-Абад облусуна Бишкек шаарынан барган. Анда Бишкек шаарында жүргөндө эле коронавирустун белгилери болгон, бирок ал ооруканага кайрылган эмес.

19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус 2789 адамга жукту. Ал эми COVID-19дун бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүчү 19-июнда катталды — 132. Ал эми Жалал-Абад облусунда өпкө илдетине 206 киши чалдыгып, анын 164ү сакайды. Ошондой эле эки киши коронавирустан көз жумду.