Кыргызстанда коронавирус дагы он медкызматкерден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 21-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Ош шаарынан жана Ысык-Көл облустарынан экиден, Ош жана Баткен облустарынан бирден жана Чүй облусунан төрт медик өпкө илдетине чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 555ке жетип, алардын 387сии өпкө илдетинен айыккан. Буга чейин эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Учурда өкмөт анын жакындарына миллион сом кун төлөп берүү маселесин карап жатат.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 21-июнга карата 3151ге жетти. Алардын ичинен 37си каза болуп, 2011 адам илдеттен айыкты.