Бир видео менен: «Таластын душманы». Депутат Момбеков таластык тургундун сынына кабылды

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков 21-июнда жолтандабастар менен күзөтчүлөрдүн коштоосунда Талас облусуна барды. Ал парламентке Талас облусунан шайланган депутат. Анткен менен аны шайлоочулардын бири анчейин жылуу тосуп алган жок.

elgezit.kg басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков фейсбук барагында видео жарыялады. Анда Таластын тургуну Момбековду айылдаштарына пайда тийгизбегени үчүн сындап, аны мушташууга чакырган.

Видеонун башында тургун депутаттын жансакчылары аркылуу өтүп барып, эл өкүлүн Талас үчүн эч нерсе кылган жоксуң деп айыптады.

«Бул жакка тиешеңиз эмне? Ким жөнөттү? Рыскелди аке, мен сени беш колдой билем, экөөбүз 2005тен бери иштеп жатпайбызбы. Сен кимге тиешелүү экениңди, мен кимге тиешелүү экенимди билем баарын. Сен ким үчүн байыганыңдын баарын билем. [...] Таласты эмне кылдың айтчы? Бир айыл өкмөтүнүн ишин аткара алган жоксуң. Сен өзүңдүн чөнтөгүңө гана иштеп жүрөсүң, мен билем», — деп айтып жатканда тургунду милиционерлер ары алып кеткен, ал эми Момбеков жана анын жансакчысы оператордон видеого тартпоону талап кылышкан.

Милициянын кызматкерлери аны саясатчынын «аброюна шек» келтирип жатат деген жүйөө менен жоошкотууга аракет кылышты.

Буга тургун «Ачык эле айтайын, эл угуп койгула! Мамлекетке [Момбековдун] зыянынан башка пайдасы жок. Ал Таластын душманы», — деп депутат менен мушташууга аракет кылды.

«Сен Таластын көтүсүң! Шекер эмес, Таластын көтүсүң!», — деп тургун аны милиционер кайрадан чет жакка алып баратканда кыйкырып айткан.

Бул убакта депутат машинага отуруп, окуя болгон жерден кетип калды. Милициянын кызматкерлери тургунду дароо коё беришти.

«Бүт баары балам менен теңдер министр боло калат, колуңардан келбейт, шайлоого келгенде жалбаштайсыңар. Жалпы айтып коёюн, Бакай-Атага тийишпегиле, эл өзү кылып алат, депутаттар жок эле», — деп жыйынтыктады сөзүн тургун.

«Жаңы Демдин» Таластагы байрактары

Депутат 21-июнда инстаграм барагында президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясы учурунда колдонгон КСДП партиясынын байрактарынын фонунда түшкөн сүрөтүн чыгарган.

Посттун түшүндүрмөсүндө ал Бакай-Ата айылындагы байкесине барганын жана бул байрактарды «Жаңы дем» кыймылыныкына алмаштырууну үмүт кылаарын жазган.

Момбеков 27-майда «КСДП» партиясынын саясий кеңешинен чыгып, үстүбүздөгү жылдын октябрында өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Жаңы Дем» саясий кыймылына кошулган.

Жаңыдан түзүлгөн «Ата Мекен Жаңы Дем» бирикмесине Кыргызстандын алты саясий партиясынын өкүлдөрү чогулган.

Кызматташуу жана биригүү жөнүндө макулдашууга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Ак шумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев («Жаны Дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Кыргызстандын Жашыл альянсы») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн эски жана жаңы саясатчылар «Жаңы Дем» альянсына бирикти