Кара-Кулжа РИИБинин башчысы коронавируска чалдыкты

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын башчысында 23-июнда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына облусттук штабдын маалыматына таянып кабарлады.

Учурда РИИБдин жетекчиси Ош облусттук ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми Ош облусунда коронавирустун жалпы 379 учуру катталган — алардын 303ү илдеттен айыккан. Ошондой эле облуста COVID-19дан 12 бейтап каза болгон — бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Өкмөттүн мурунку башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелдеги парламенттик отурумунда өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлер компенсациядан баш тартып жатканын билдирген. Бирок буга карабастан өкмөт аларга кошумча акы төлөп берүүсүн убадаланган.

Ал эми учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал убагында ишин жүргүзгөн милиционерлерге кошумча акы төлөө үчүн 430 млн сом каралганын маалымдаган. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева милиционерлерге компенсация «жакын арада» төлөнө башталаарын айткан.