Ош шаардык мэриянын кызматкеринен коронавирус аныкталды

Сүрөт: Сергей Алли

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 26-июнда мекеменин бир кызматкеринде коронавирус аныкталганын кабарлады.

«Вирус жуктуруп алган кызматкер менен байланышта болгондор обсервацияга алынды. Шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери аралыкты сактоо менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат», — деп жазды Абсаттаров.

Саламаттык сактоо министрилигинен 26-июнда өлкө боюнча коронавирус 250 адамдан аныкталганын билдирген — жаңы учурлардын 47си Ош шаарында катталды.

Жалпысынан экинчи борбор калаада COVID-19га чалдыккан жарандардын саны 500гө жетти — бул өлкө боюнча үчүнчү көрсөткүч. Алардын арасында 171 бейтап илдеттен айыгып, төртөө коронавирустан каза болду.

Буга чейин Оштогу муниципалдык ишканалардын биринде 10 кызматкер коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Аталган ишкананын кызматкерлери обсервацияга алынынып, анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.