Коронавирус жуктургандардын саны 5017ге жетти — бир суткада жаңы 269 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 269 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 138;

Чүй облусунан — 43;

Жалал-Абад облусунан — 26;

Ош шаарынан — 23;

Ысык-Көл облусунан — 16;

Талас облусунан — 9;

Ош облусунан — 6;

Нарын облусунан — 4;

Баткен облусунан — 4 адамдан коронавирус аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5017ге жетти. Илдеттен 50 киши каза болуп, 2294 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1915. Ал эми Чүй облусунда — 696, Ош шаарында — 650, Ош облусунда — 484, Нарын облусунда — 474, Жалал-Абадда — 329, Ысык-Көлдө — 111, Баткенде — 68 жана Талас облусунда — 51 учур катталды.

Ал эми чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамдан коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 716 адам дарыланууда. Алардын ичинен 88и оор абалда, 26сы жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 19 606 адам алынган. Бир сутка ичинде 2722 изилдөө жүргүзүлдү.

Ал эми бир сутка ичинде коронавирустан дагы 52 бейтап айыкты.

Бишкек шаарынан жана Талас облусунан алтыдан, Ош шаарынан 21, Чүй облусунан он үч, Ош жана Баткен облустарынан үчтөн бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү. Ал эми өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 2294 кишини түзөт.