Марттан тарта пневмониядан 54 адам каза болду — жалпы 1145 учур катталган

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 29-июндагы брифингде билдиргендей, өлкө боюнча төрт айдын ичинде пневмониянын жалпы 1145 учуру катталган. Бирок оорулууларда коронавирус инфекциясы тастыкталган эмес.

Пневмонияга чалдыккандардын арасынан 564 адам айыгып, 54 адам каза болду — алардын 48и Бишкек шаарында. Ал эми ооруканаларда 525 бейтап калууда — алардын жарымынан көбү борбор калаанын тургундары.

«Акыркы күндөрү чындыгында оор абалда келгендердин саны көбөйүүдө. Кээ бирлери, айрыкча биздин жаштар, кенебестен, “жумушка чыгамын” деп бараткан кезинен каттуу ооруп калат. Келгенден кийин көрсөң, өтүшүп кеткен. Канчалык аракет кылсаң дагы, тилекке каршы, сактай албайт экенбиз, себеби оору өрчүндөп кеткенден кийин кайрадан кайтарыш өтө кыйын экен», — деди Абдикаримов.

Учурда пневмонияга чалдыккандар үчүн ооруканаларда 761 орун даярдалган. Пневмония тастыкталган бейтаптардан COVID-19га анализ алынат: эгерде вирус аныкталса, алар коронавирусту дарылай турган ооруканаларга жаткырылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өкмөт: Пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды