Жээнбековдун COVID-19га тапшырган экинчи анализи таза чыкты

Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавируска кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Президенттин буга чейин 25-июнда коронавируска тапшырган анализи да терс жыйынтык көрсөткөн.

Жээнбеков 23-июнда Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен барып, Улуу Ата-Мекендик согуштун 75-жылдыгына арналган парадка катышмак. Бирок делегациянын эки мүчөсүндө коронавирус аныкталып, өлкө башчысы жана аны коштоп баргандар кайра Бишкекке учуп келишкен. Президент өлкөгө кайтып келгенден кийин үч күн обочодо болгон.

Көп өтпөй президенттин аппаратынын 17 кызматкеринде COVID-19 табылганы белгилүү болду — алардын баары оорулуулар менен карым-катнашта болгон. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев бар.