Ошто коронавирус жуктуруп алган дагы бир врач каза болду

Жамал Тазабекова. Сүрөт: Ош ОИИБ

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумду.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, Тазабекова коронавирус жуктуруп алып 22-июнунда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

«71 жаштагы Тазабекова кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. Азыркы учурда маркумдун сөөгүн санитардык эрежелерин сактоо менен жерге берүү аземи уюштурулууда», — деп жазылат маалыматта.

Тазабекова Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамынын ээси. Ал 1982-жылдан тарта ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-врачы болуп эмгектенип келген.

Буга чейин коронавирус жуктурган Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева каза тапкан. Ошондой эле Covid-19га чалдыккан Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жашында көз жумган. Маркумдардын үй-бүлөсүнө өкмөт миллион сомдон компенсация төлөп берди.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

30-июнга карата өлкө боюнча коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 830га жетти. Алардын 442си өпкө илдетинен айыкты.