Кара-Суунун жаңы шайланган мэри Матраимовдорго тиешеси жоктугун айтууда

Сүрөт: Борбордук шайлоо комиссиясы

Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын жаңы башчысы Адыл Лолобаев «Азаттыкка» маек куруп, анын мэр болуп шайланышына бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси жоктугун билдирди.

«Матраимов бажы кызматына менден кийин келген. Мен ага чейин иштегем. Бишкектеги «Манас» бажы бекетинде, Жалал-Абадда, Баткенде иштегем. Матраимов кийин жетекчи болду. Аны менен аз эле иштештим. Бажы десе эле Матраимовдорго жакын адам деген болбойт. Алар менен жердеш катары мамилебиз бар. Мени эл тааныйт, эл билет. Мен ишкермин. Акыркы үч жылда ишкердүүлүк менен алектенип жүрөм», — деди Лолобаев.

Ошондой эле Лолобаев өз талапкердигин КСДПдагы партиялаштары суранганынан улам койгонун кошумчалаган. Ал алдыда Кара-Суу шаарындагы турак жайдын жетишпестигин чечүүнү жана инвесторлорду шаарга тартып келүүнү көздөп жатканын айтып өттү.

Адыл Лолобаев 1-июлда Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Анын талапкерлигин 30 депутат жактырды, бирөө шайлого катышкан эмес. Жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутат отурат: алардын 23ү КСДП, бешөө «Мекеним Кыргызстан» жана үчөө «Кыргызстан» партиясынан.

Буга чейин Лолобаев 20 жылга чукул бажы тармагында эмгектенген. 2006-жылдан тарта ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы бажыда жетектөөчү кызматтарда иштеген.

Мурдагы бажы кызматкеринин Кара-Суу шаарына башчы болуп шайланышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар Лолобаев «Райымбек Матраимовдун кадры» жана мындай кадрдык өзгөрүү алдыдагы парламенттик шайлоо үчүн жасалып жатат деп божомолдошту.

Коомчулукта Матраимовдордун үй-бүлөсү «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдоп, алар менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоого катышат деген пикирлер айтылууда. Алардын негизги атаандашы болуп «Биримдик» партиясы эсептелүүдө — анын артында Жээнбековдордун таасири бар деген божомолдор жүрөт. Кененирээк бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыз болот.

Ал эми Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — OCCRP, «Азаттык» жана Kloop даярдаган «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү. Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкерелеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

«Лондон, Адил аркылуу Раимге». 5,6 миллион британ фунтунун табышмагы

Саймаитинин архиви