Сутка ичинде ооруканадан тышкаркы пневмониядан 17 адам көз жумду — ССМ

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн суткада өлкө боюнча пайда болуу себеби такталбаган пневмониядан 17 бейтап көз жумганын, анын ичинде 13 адам Бишкекте болгонун кабарлады. Коронавирустун пандемиясы башталгандан бери ооруканадан тышкаркы пневмония диагнозу менен 97 адам кайтыш болду.

Пневмония же өпкө сезгенүүсү COVID-19 жуктургандарда коштолушу мүмкүн. Бирок тесттин терс жыйынтыгы ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандарды жуктурган эмес бейтаптардын катарына кошот.

«Бул коронавируска тапшырган тести оң жыйынтык көрсөтүп келген биринчи бейтаптар үчүн атайын койкалар иштеп баштагандан бери чогултулган маалыматтар. Республика боюнча ар бир инфекциялык оорукана клиникалык симптомдору [коронавируска] шектелгендердикине окшош, бирок ПЧР-анализдери терс болгон адамдарды жазып калып жаткан», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Февралда диагнозу ушундай оорулууларды коронавируска карата тест тапшыртышкан эмес — ооруканадан тышкары пневмония менен 37 адам түшүп, алардын экөөсү каза тапкан.

Ошол эле маалда февраль айынан майдын ортосуна чейин катталган пневмониясы бар 119 бейтаптын ичинен экөөсүндө коронавирус тастыкталган.

Саламаттык сактоо министри 29-июнда пайда болуу себеби такталбаган пневмониядан каза тапкан 54 бейтап тууралуу кабарлаган болчу.

Кыргызстандыктар күн сайын пневмониядан врачтардын жардамын күтүүгө үлгүрбөй же орун жетишсиздигинен ооруканага жаткырылбай туугандары каза таап жатканын кабарлашууда. Бул учурлар расмий статистикага да кирбей калышы мүмкүн.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-июлга карата стационарларда ооруканадан тышкаркы пневмония жана коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөн 1247 бейтап бар. Алардын ичинен 112 бейтап реанимацияда, 337 адам оору абалда болууда.

Жалпысынан 2020-жылдын мартынан тарта этиологиясы такталбаган пневмония оорусунун 1971 учуру катталган, алардын ичинен учурда 627 адам айыккан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 6261 жуктуруу учуру катталып, бул илдеттен 66 адам каза тапты.