Акыркы суткада коронавирус жуктурган 10 киши каза болду — тизме

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Республикалык штаб Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктурган дагы он бейтап каза болгонун билдирди. Маркумдардын арасында бир медайым бар. Алар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатышкан:

Кыргыз-түрк достук ооруканасынан – 1 (аял, 58 жашта);

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан - 1 (эркек, 54 жашта);

Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (59 жаштагы аял киши, медкызматкер);

Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан - 1 (аял, 33 жашта);

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (33 жаштагы эркек киши);

Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 5 бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62,63 жашта).

Коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 24 учур. Ош облусунда COVID-19дан көз жумгандардын саны 15тү түздү. Ошондой эле Ош шаарында 9, Чүй облусунда 13, Нарын облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 6, Ысык-Көл жана Талас, Баткен облустарында бирден бейтап кайтыш болду.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 76га жетти, алардын арасында беш медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жалпысынан 6767 кишиге жукту. Анын 2655и айыгып ооруканадан чыгарылды.