Ош шаарындагы «Классик» мейманканасында убактылуу бейтапкана уюштурулат

«Классик» мейманканасы. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарындагы «Классик» мейманканасы 6-июлдан тарта пневмония менен ооругандар үчүн убактылуу бейтапкана жана обсервация багытында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Классик» мейманканасынын өкүлү Азамат Ажимаматов «Клоопко» учурда 80 бейтапка орун даярдалып жаткандыгын тастыктады. Анын айтымында, мейманкана бир ай бою ооруканага айланат.

«Азырынча үй-бүлөбүз менен бир айга берип туралы деп чечтик, андан кийин эпидемиологиялык кырдаалга карап көрөбүз. Учурда жугуштуу оорулар боюнча дарыгер келип, мейманкананы бейтаптарга ылайыкташтырууга өз көрсөтмөлөрүн берип кетти. Эки күндөн кийин бейтаптар жаткырыла баштайт», — деди Ажимаматов.

Бишкектеги Ынтымак конушундагы 150 орунга ылайыкталган Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы мечит-медресе да медициналык багытта колдонуу үчүн берилди.

Мындан сырткары ишкер айым Бурул Кушбек кызы Бишкектеги үй-бүлөлүк мейманканасында оорукана уюштурууну сунуштады. Учурда алгачкы бейтаптарды жаткыруу аракети көрүлүүдө.

Ал эми Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова «Азаттыкка» берилип жаткан мекемелердин талапка ылайык шарттары болуусу керектигин айтат.

«Баш тартпайбыз. Балким, медицина кызматкерлери үчүн обсерватор катары колдонобузбу, балким биринчи медициналык жардам көрсөтүлө турган бейтаптарды жаткырабызбы, албетте, ар бир жардамды кабыл алабыз!» — деп билдирген Акматова.

Буга чейин 26-июнда Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлиги талаа шартында дарылоочу шаарча курган. Анда жалпы 60ка жакын чатырлар тигилип, алар обсервация, дарылоо жана таза аймак деп бөлүнгөн. Чатырлардан турган шаарчада бейтапты кабыл алуу, аны дарылоо, операция жасоо жана жандандыруу бөлүмү да каралган. Эгер эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, аталган шаарчада 240ка жакын бейтапты тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

3-июлга карата Ош шаарында коронавирустун жаңы 36 учуру катталды, калаада жалпы 711 кишиден өпкө илдети аныкталган. COVID-19дан 302 бейтап айыгып, тогуз киши көз жумду.