ССМ: Бир сутка ичинде пневмониядан 23 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 3-июлда пневмониядан акыркы суткада 23 бейтап каза болгонун билдирди. Бул бейтаптарда коронавирус тастыкталган эмес.

Өлкө боюнча пневмония жуктуруп ооруканаларда 1724 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө 112 бейтап жатса, 337си оор абалда. Ал эми пневмониядан жалпы каза болгондор кишилердин саны 120га жетти.

Пневмониядан каза болгондордун арасында ИИМдин эки кызматкери да бар. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге да «эки тараптуу пневмония» диагнозу коюлуп, ал УКМКнын абагынан ооруканага которулду.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Айрым бейтаптар медициналык жардам алууга жетишпей ооруканалардын алдында кайтыш болуп жатышат.

Ооруканадан тышкаркы деп сыпатталган пневмонияны эмнеден улам пайда болуп жатканы азырынча түшүнүксүз болуп жатат.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде коронавирустун белгилерине окшогон пневмония оорусунун күч алып жатканын тастыктаган. Анын айтымында, пневмония менен күрөшүү үчүн кычкылтек концентраторуна муктаждык жаралып жатат.

«Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кытайдан 500 концентрат, Турциядан 50 ИВЛ-аппарат жана 50 концентрат келиши күтүлүүдө. Учурда саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ-аппараттары жана 610 кычкылтек концентраты бар», — деген Боронов.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен өнөкөт. Оорунун пайда болушун бактериялар жана вирустар шарттайт. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан тамырлар аркылуу кирет.