Жактоочу Кайрат Загибаев кайтыш болду, ал пневмония менен ооруган

Коронавирус шарттаган пневмониядан улам өзү оор абалда болуп аткан юрист Канат Хасанов фейсбук барагында кесиптеши Кайрат Загибаев каза тапканын кабарлады. Юрист пневмониясы өөрчүп кеткендиктен көз жумган.

Уже третий адвокат умер от пневмонии...Кайрат Загибаев- агашка вы были высококлассным другом....Аллахым жанатан жай берсин...

Posted by Kanat Hasanov on Thursday, July 2, 2020

Кайрат Загибаевдин юридикалык тажрыйбасы көптөгөн чуулгандуу иштерге бай. Мисалы, ал акыркы жолу борбор калаанын соода борборлорунун бирининдеги ажаатканада зордукталган 13 жашар кыздын иши боюнча иштеп жаткан. Бул иште ал айыпталуучуну коргоп жаткан болчу, натыйжада шектүү Биринчи май райондук соту тарабынан акталган.

Ал Кой-Таштагы окуяда каза тапкан спецназчы Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон, мындан ташыкары, экс-депутаттар Курманбек Осмонов жана Хажимурат Коркмазовду, кримтөбөл Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевдин тиешеси бардыгын көрсөткөн күбөнү, ошондой эле укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоп келген.

Канат Хасановдун айтымында, аны менен кошо учурда алты адвокат оор абалда. Хасанов коронавирустун шартында анда пневмония өөрчүп кеткенин жазды, ал эми Загибаевдин пневмониясынын келип чыгышын тактаган жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, сутка ичинде COVID-19га тапшырган тести терс болгон ооруканадан тышкаркы пневмониядан дагы 23 адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери диагнозу ушундай 120 бейтап көз жумду.

3-июлга карата өлкө стационарларында келип чыгуу себеби тактала элек пневмониядан 1724 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 112 адам реанимацияда, ал эми 337 бейтапта оору оор формада өтүп жатат.

Марттан июлдун башталышына чейин ооруканадан тышкаркы пневмония менен 2508 адам ооруп, алардын 664ү айыккан.

Өткөн сутка ичинде коронавирус өөрчүткөн оорулардан 10 адам каза тапты. Өлкө боюнча коронавирус инфекциясы бар бейтаптардын каза болгон 76 учуру катталды.

3-июлга карата өлкө боюнча 6767 коронавирус жуктуруу учуру катталды, алардын ичинен 2655 адам айыгып, 4036 бейтап дарылануусун улантууда.