Бир суткада дагы 50 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 6-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 50 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Ал эми үч медик өпкө илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаарынан — 23, Чүй облусунан — төрт, Ош облусунда — төрт, Ош шаарынан — жети, Нарын облусунан — алты, Баткен облусунан — бир жана Ысык-Көл облусунан беш медиктен коронавирус аныкталган.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 1147ге жетип, алардын 503ү өпкө илдетинен айыккан. Жети медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

6-июлда коронавирусту жуктуруп каза болгон Ысык-Көл облусттук ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн 62 жаштагы дарыгери Эдил Садыков кайтыш болду. Садыковдун артында үч баласы калды. Ошондой эле, COVID-19га чалдыккан Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева көз жумганы белгилүү болду.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумду. Буга чейин Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов каза болушкан.

2-июлда Ноокат районунда 70 жаштагы терапевт Орозали Абдухалимов каза тапкан. Ал коронавирус жуктуруп алганы менен өлүмүнө «курч инфаркт» себеп болгону айтылды. Ошондой эле 2-июлга караган түнү аталган райондун Барын айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы көз жумган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.