Ноокатта Covid-19дан эки медкызматкер каза болгону кабарланды. ССМ бир учурду тастыктады

Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

«Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында эки медкызматкер каза болгонун билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, бир нече күн мурун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Үй-бүлөлүк медицина борборунда 70 жаштагы терапевт кайтыш болгон — эркек киши. Ал эми 1-июлда Барын айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы көз жумган — аял киши.

Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов «Клоопко» 2-июлга караган түнү поликлиникалардын биринде иштеген медайым каза болгонун тастыктады.

«Баласы Бишкектен ооруп келип апасына жугузуптур. [Каза болгон бейтап] үйүндө беш-алты күн жатыптыр. Бизге келгенде кеч калган, бүт аракеттерди жасадык, бирок каза болуп калды. Бирок ал бизде иштебейт болчу», — деди Марипов.

Ошол эле учурда Марипов 70 жаштагы дарыгер Орозали Абдухалимов «курч инфаркт оорусунан» кайтыш болгонун белгиледи.

2-июлда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова акыркы суткада Ноокат районунда 70 жаштагы эркек киши каза болгонун маалымдаган.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маркум дарыгер болгон деп тактоо киргизишти.

Бирок министрликтен коронавирус жуктуруп көз жумган медайым боюнча маалымат такталып жатканын айтышты.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп каза болгон бейтаптардын саны 66га жетти — алардын ичинде үч медкызматкер бар деп кабарланган. Бирок коронавирус жуктуруп каза болгон медицина кызматкерлеринин так саны ачыктала элек.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөмөкчү.