Депутат Чыныбай Турсунбековдун абалы туруктуу — Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу депутат Чыныбай Турсунбековдун «абалы оор» деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Буга чейин мындай билдирүүнү «Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып жазган болчу.

«Азыр эле жубайы менен сүлөштүм. Кан басымы, температурасы, сатурациясы — баары жакшы. Үй-бүлөсү менен сүлөшүп атат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ (өпкөнү жасалма желдетүү — редакция) аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу», — деп билдирди Нуракун уулу.

Басма сөз катчынын алдын ала маалыматы боюнча Турсунбеков пневмонияга чалдыккан, бирок коронавируска тапшырган ПЧР-анализи терс жыйынтык көрсөттү.

Июнь айында Жогорку Кеңештин 5 депутаты коронавирус жуктурганы бегилүү болгон — алардын арасында Тазабек Икрамов, Экмат Байпакбаев, Бакыт Төрөбаев жана Бейшеналы Нурдинов бар. Бешинчи депутат ким экени белгисиз.

Коронавирус буга чейин Ибраим Нуракун өзүндө да тастыкталган — ал тогуз күндөн кийин айыгып, ооруканадан чыгарылган.