Ун, коргонуу костюмдары, экспресс-тест. Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Өзбекстандын өкмөтү Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүү аракеттерин колдоо максатында гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Бектеналы Абдырахманов билдирди.

17-вагондо келген гуманитардык жардамдын ичинде 1000 тонна ун, 7 миң комплект медициналык коргонуу костюмдары, 200 даана №95 респираторлор, 20 миң кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр (дене тапты катнашсыз өлчөй турган жабдык) жана коронавирусту аныктоочу 2 миң тест системалары болгон.

Гуманитардык жардамды алып келген поездди Өзбекстандын Андижан облусунун башчысын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген. Аларды өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ӨКМдин башчысынын орун басары Равшан Рысбаев тосуп алды.

«Кыргыз тарап көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Бул биздин эки тараптуу алаканын бекемдигин жана ынтымакты далилдейт», — деди Жылкыбаев.

Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлүп, муктаж кожолуктарга акысыз таратылат.

Буга чейин Өзбекстандын бийлиги жардам катары Баткен облусуна 500 коргонуучу костюм берген.

Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 130га жетти — алардын ичинен бирөө каза тапты, төрт адам оор абалда жана беш адам вирустан арылды.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция