Бир суткада дагы 62 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Зарина Маматжанова / Kloop.kg

Республикалык штаб 8-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 62 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Ал эми жети медик өпкө илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаарынан — 23, Чүй облусунан — 16, Ош жана Ысык-Көл облустарынан — бирден, Баткен жана Нарын облустарынан — үчтөн жана Жалал-Абад облусунан алты, Ош шаарынан тогуз медиктен коронавирус аныкталган.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 1287ге жетип, алардын 522си инфекциялык оорудан айыккан. Тогуз медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.