Ош: Медициналык каражаттарга муктаждык бар экенин айткан медик жазаланат

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан бейтапкананын кызматкери 8-июлда медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып жардам сурап кайрылды. Медиктин видеокайрылуусун Нурхан Жумабаева фейсбук баракчасында жарыялаган.

Ошондой эле Жумабаева Куршаб жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 28 дарыгер, 170 медайым жана 80 медперсонал иш алып бараарын белгилеген. Мындан сырткары алар беш айыл өкмөтүнүн 54 миң тургунун тейлейт деп жазган.

«Бишкектеги абал кайталанбоосу үчүн жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Көбүнесе пенсия курагындагы медиктер болгон үчүн кайрылып жатабыз, анткени алар кооптуулар тобуна кирет эмеспи», — деп жазат Жумабаева.

Жумабаева аталган бейтапканада коронавирус жуктуруп алган 10 киши дарыланып жатканын кабарлаган. Ал эми видеокайрылуу жасаган кызматкер аталган мекемеге коргонуучу каражаттардан сырткары жабдуулар да жетишпестигин билдирген.

«Биз биринчи жардам көрсөтүүчү кызматкерлер дене табы көтөрүлүп ооруп жаткан бейтаптардын үйлөрүнө барып, аларды көргөндөн кийин мобилдик бригадаларга өткөрүп берип жатабыз. Ошондуктан бизде кооптоону бар. Бизге ИВЛ-аппараттары, кычкылтек концентраторлору, колкап жана беткаптар зарыл», — дейт кызматкер.

Ошондой эле Жумабаева жарыялаган маалыматта аталган бейтапканага пульсоксиметр — 10 даана, байланышсыз термометр — 5 даана, кычкылтек аппаратынан — 5 даана керектиги жазылган.

«Клооптун» журналисттери аталган оорукананын кызматкерлеринин бири менен байланышканда ал маалымат берүүдөн баш тартты. Анын айтымында, аталган кайрылуунун айынан ооруканада ызы-чуу болгон.

«Бардык суроолор боюнча администрацияга кайрылууңуздарды суранам. Бизге кандайдыр бир маалымат берүүгө болбойт», — деди кызматкер.

Медкызматкер туура эмес маалымат тараткан

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» ведомствонун бул тууралуу кабары бар экендигин белгиледи. Бирок маселе качан чечилери тууралуу так маалымат бере алган жок.

«Министрликтин Ош облусу боюнча координатору менен байланыша албай жатабыз. Маселени чечүү үчүн министрдин орун басары Мадамин Каратаевге билдирүү бергенбиз. Бул тууралуу дагы кошумча маалымат берилет», — деди Айгерчинова.

Ал эми 9-июлда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн фейсбук баракчасында аталган маселе боюнча Куршаб ооруканасынын башчысынын орун басары Тургунбай Кадыровдун видеокайрылуусу жарыяланды.

Анда Кадыров медициналык коргонуучу каражаттарга муктаждык бар экенин төгүндөдү. Бирок медициналык жабдыктар жетишсиз экенин моюндады. Ошондой эле ал туура эмес маалымат тараткан кызматкер жазалана тургандыгын белгилеп, анын кайрылуусу үчүн кечирим сурады.

«Биздин кызматкерибиз администрациянын макулдугусуз, эч кандай маалымат билбей туруп, туура эмес маалыматты интернетке чыгарып жибериптир. Бизде дары-дармектин жана коргонуучу каражаттардын кору бар. Өкмөттүн тапшырмасы менен алты айлык медициналык корун даярдаганбыз. Эгер абал курчуп кете турган болсо анда бул кор 2 айга жетет», — деген Кадыров.

Ошондой эле ал кошумча дары-дармек сатып алууга 3 млн сомдук тендер жарыялана турганын маалымдады. Анткен менен жардам берүүнү каалаган жарандар болсо оорукананын жетекчилиги менен байланышууну айтты.

«Бизде дары-дармекке муктаждык жок, бирок медициналык аппараттар жагынан жардам берсеңиздер болот», — деп кошумчалаган Кадыров.

Медиктер биринчи жолу кечирим сураган жок

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Баткен облусунун Исфана шаарында иштеген №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Минавар Камилованын видеокайрылуусу жарыяланган. Камилова кайрылууда коргоочу кийимдер жана каражаттар керектигин айтып жардам сураган. Кийинчерээк өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн Камилова тараткан маалымат чындыкка дал келбесин айтышкан.

Ал эми Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Учкун Эргешов Камиловага басым болбогонун айтып, ал АКШда эмгектенген кыздарынын суранычы менен ушундай кадамга баргандыгын түшүндүргөн.

Ошондой эле дарыгер Бектур Апышев твиттерде ага берилген беткаптын сапатына даттанган. Көп өтпөй ага басым болуп жатканын айткан. Кийинчерээк дарыгер ыктымал так эмес маалымат бергени үчүн видео аркылуу кечирим суроого аргасыз болгон. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев дарыгерди видеого кечирим суратып соцтармактарга чыгаруу туура эмес деген.

Ал эми УКМК Апышевдин кечирим суроосуна тиешеси жоктугун билдирген. Бирок мекеме буга чейин жалган маалыматтарды таратканын белгилеп кечирим сураган жарандардын видеолорун жарыялап келет.

Ошондой эле УКМК жалган маалымат тараткандардын арасында медицина кызматкерлери да бар болгондугун четке какпайт, бирок аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп коё берилген деп ишендирет.

9-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 8847 кишини түздү. Анын ичинен 52 киши Өзгөн районунан катталган. Өлкө боюнча илдеттен 116 киши каза болуп, 3053 бейтап айыкты.