Дагы 79 медикте коронавирус чыкты — ССМ

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада коронавирус дагы 79 медкызматкерде табылганын билдирди. Алардын ичинен 34ү Чүй облусунда, 20сы Бишкекте, сегизи Ош шаарында, алтоо Баткен облусунда, бешөө Нарын облусунда, Ош жана Жалал-Абад облусутарында үчтөн учур катталды.

Июль айында эле коронавирус 699 медкызматкерде тастыкталды.

Акыркы суткада ооруканадан 10 медик айыгып чыгарылды.

Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин арасында COVID-19 жуктуруу учурларынын саны 1 529га жетип, алардын ичинен 546 медик стационарлардан айыгып чыкканын айтууда. Анткен менен министрлик пневмониясы бар медиктер тууралуу кабарлабай жатат жана коронавирус менен пневмониянын статистикасын бир тизмеге бириктирүүгө шашылган жок. Бирок медиктер буга чейин пневмония — бул COVID-19дун оор өрчүгөн формасы деген оюн айтышкан болчу.

Депутат Дастан Бекешев Саламаттык сактоо министрлиги статистикаларды пневмониясы бар медиктерге да компенсацияга төлөөгө туура келип кала тургандыктан бириктирүүгө шашылбай жатат деп эсептейт.

Коронавирус жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза тапкандарынын үй-бүлөлөрүнө бир миллион сом компенсация каралган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги азырынча 41 медкызматкерге жана каза тапкан эки медиктин үй-бүлөсүнө гана компенсация берилгенин кабарлаган.