Чоң-Алай райондук ооруканасында медиктер жетишпей ОшМУнун тогуз бүтүрүүчүсү жөнөтүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Чоң-Алай районунун ооруканасында кызматкерлер жетишсиз болгондуктан, аймакка ОшМУнун медицина факультетинин тогуз бүтүрүүчүсү жөнөтүлдү.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын айтымында, жаш адисттер алгач райондук ооруканадагы адисттерден кыска мөөнөттүк практикадан өтүшүп, андан кийин күндүзгү стационарларда иштеп башташат.

«Азырынча бир айлык мөөнөткө кетишти, бирок кырдаалга карап бул мөөнөт өзгөрүшү мүмкүн. Азыр жаш медиктерге айлык акы төлөп берүү жагы дагы каралып жатат. Узарбек Жылкыбаев аким менен жергиликтүү бийликтин бюджетинен айлык акы төлөө жагы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат», — деди «Клоопко» Кадырбекова.

Буга чейин Чоң-Алай райондук ооруканасынын төрт дарыгери жана беш медайымы коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган. Мындан улам медкызматкерлер жетишпей жаткандыгын аталган оорукананын башкы дарыгеры Ыса Бакиров «Турмуш» басылмасына курган маегинде билдирген.

Коронавируска каршы күрөшүү максатында ОшМУда 6-июлдан тарта медициналык кызматкерлердин жетишсиздик маселесин чечүү максатында атайын топ түзүлгөн. Ал топтун курамына 35 дарыгер-окутуучу, 120 ординатор, 10 медайым жана медицина факультетинин 6-курсунун 70 студенти кирген.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтеп чыгат.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 117 кишини түздү. Өлкө боюнча илдеттен 147 киши каза болуп, 3460 бейтап айыкты.

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 1781ге жетти, анын ичинен 560 медик коронавирустан айыкты. Расмий статистика боюнча аталган илдетке чалдыккан беш медкызматкер кайтыш болду. Бирок Covid-19 тастыкталган эмес, бирок пневмонияга кабылып каза болгон медиктер да бар.

Ал эми Чоң-Алай районунда 55 киши COVID-19га чалдыккан.