Өлкөдө дагы 125 медкызматкер коронавируска чалдыкты — жалпы 1781 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 13-июлдагы брифингде билдиргендей, өткөн суткада коронавирус дагы 125 медициналык кызматкерден аныкталды. Ошондой эле сегиз медкызматкер оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Илдетке чалдыккан медиктердин дээрлик жарымы Бишкек шаарында катталды — 63. Мындан сырткары Ош шаарында — 16, Баткен облусунда — 13, Ош облусунда — 10, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жетиден, Жалал-Абад облусунда беш, Талас жана Нарын облустарында экиден медкызматкерде COVID-19 аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 1781ге жетти — алардын арасында дарыгерлер, медайымдар жана кичи медперсонал бар. Ал эми жалпысынан 560 кызматкер илдеттен айыкты.

Акматованын айтымында коронавирус жуктурган беш медкызматкер — төрт дарыгер жана бир медайым — каза болгон. Бирок чынында COVID-19дан жана пневмониядан көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.