«Бейтаптарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн эч нерсебиз жок». Алайдагы медайым жардам сурады

Айсулуу Таалайбек кызы

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынын ооруканасынын медкызматкери Айсулуу Таалайбек кызы өзү эмгектенген мекемеде кычкылтек концентратору жана медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып 6-июлда видеокайрылуу жасаган.

Видеотасмада Таалайбек кызы Сары-Могол айылынын тургундарына жана айыл өкмөтүнө кайрылып, пандемияга каршы күрөшүүдө оорукананын даярдыгы жок экендигин айткан.

Ошондой эле, медайым ооруканада кычкылтек концентратору жок болгондуктан, оор абалда келген бейтаптарга жардам көрсөтүлбөй калышы ыктымалдыгын айтып тынчсызданган.

«Дем алуусу начарлап, эс-учун билбей келген жарандарга биринчи жардам көрсөтө албай калабыз. Ошондуктан кайдыгер карабаган Сары-Могол эли жана жаштары, өз жакындарыбыз жана элибиз үчүн суранып жатабыз», — деп кейиген медайым.

Мындан сырткары Таалайбек кызы ооруканадагы дары-дармектер сакталуучу муздаткычты ачып көрсөтүп, дарылардын жетишсиздигин айткан. Ошондой эле, коргонуу кийимдери, беткаптар да зарыл экендигин белгилеп жардам сураган.

«Биринчи жардам көрсөтүү үчүн эч нерсебиз жок. Келген бейтаптарга жардам көрсөтө албай калышбыз мүмкүн», — деп коштогон Таалайбек кызын видеого тартып жаткан медайым.

Жардам сураган медикке басым болдубу?

Аталган видеокайрылуу социалдык тармактарга тарагандан кийин Таалайбек кызынын жолдошу делген тургун «Т-Медиа» басылмасына кайрылып, жубайына кысым көрсөтүлүп жаткандыктан тасманы өчүрүүнү өтүнгөн.

Ал эми медайым видеокайрылуу жергиликтүү тургундарга даректелгенин, аны соцтармактарга ким таратканын билбей турганын айткан.

«Биз кайрылууда эч кандай ашыкча сөз сүйлөгөн эмеспиз. Болгонун болгондой эле айтканбыз. Ооруканада эки эле кызматкер калып кайрылуу кылганбыз. Калгандар ооруп баары кеткен. Дарыгерибиз дагы ооруп калгандыктан биз айла жоктон ушундай кайрылуу жасаган элек», — деген Таалайбек кызы.

Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматилла Саитов «Клоопко» Таалайбек кызына басым болбогонун айтып, медайым учурда ооруканада иштеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, медик мындай кадамга коркуу сезиминин айынан барган жана ал кайрылуу айыл өкмөтүнө даректелген.

«Оорукананын дарыгерлери обсервацияга жаткырылгандыктан айылдын ооруканасында видеокайрылуу жасаган эки медайым гана калган. Ошол кезде бул жаш кыздарда коркуу сезими пайда болуп, оор абалдагы бейтаптар келип калса дарыгерлер жок кандай кылабыз деп коркуп кетишкен», — деп түшүндүрдү Саитов.

Ошондой эле, айыл өкмөт башчысы учурда Алай районунан дары-дармектер алып келинип, Сары-Могол айылдык ооруканасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады. Ал эми обсервацияда жаткан дарыгерлердин тапшырган анализдери таза чыгып, алар 14-июлдан тарта жумушка чыгышаарын белгиледи.

Медициналык каражаттардын жетишпестигин айтып кысымга алынган медиктер

Буга чейин Өзгөн районунун Куршаб ооруканасынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Гүлмира Өмүржанова 8-июлда ооруканага коргонуучу каражаттардан сырткары ИВЛ-аппараттар жана кычкылтек концентраторлору зарыл экендигин айтып видеокайрылуу жасаган. Медиктин кайрылуусун Нурхан Жумабаева фейсбук баракчасында жарыялаган.

Көп өтпөй аталган оорукананын башчысынын орун басары Тургунбай Кадыров да видеокайрылуу жасап, анда медициналык коргонуучу каражаттарга муктаждык жок экенин, бирок медициналык жабдыктар жетишсиз экенин моюндаган. Ал ошондой эле, туура эмес маалымат тараткан кызматкер жазалана тургандыгын белгилеген.

Кийинчерек Өмүржанова жетекчиликтен уруксат албай туруп маалымат таркатканы үчүн кызматынан төмөндөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Баткен облусунун Исфана шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Минавар Камилова да коргоочу кийимдер жана каражаттар керектигин айтып жардам сураган. Бул окуя элге тарап кеткендиктен Камиловага дагы басым болгону кабарланган. Бирок Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Учкун Эргешов Камиловага басым болбогонун айтып, ал АКШда эмгектенген кыздарынын суранычы менен ушундай кадамга баргандыгын түшүндүргөн.

Ошондой эле, Чүйдүн Ысык-Ата районунун дарыгеры Бектур Апышев Твиттерде ага берилген беткаптын сапатына даттанган. Көп өтпөй ага басым болуп жатканын айткан. Кийинчерээк дарыгер ыктымал так эмес маалымат бергени үчүн кечирим сурап, видеокайрылуу жасаганга аргасыз болгон.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев дарыгерди видеого кечирим суратып соцтармактарга чыгаруу туура эмес деген. Ал эми УКМК Апышевдин кечирим суроосуна тиешеси жоктугун билдирген. Бирок мекеме буга чейин жалган маалымат тараткандарды аныктап, алардын кечирим сураган видеолорун жарыялап келет.

Ошондой эле, УКМК жалган маалымат тараткандардын арасында медицина кызматкерлери да бар болгондугун четке какпайт, бирок аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп коё берилген деп ишендирет.

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 538 кишини түздү. Анын ичинен 41 киши Алай районунан катталган. Өлкө боюнча илдеттен 149 киши каза болуп, 4995 бейтап айыкты.