Баткендик дарыгердин видеокайрылуусунан кийин АКШдагы кыргыздар жардам жөнөтүштү

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов дарыгер Минавар Камилованын видеокайрылуусунан кийин АКШдагы кыргыздардан жардам келе жатканын билдирди. Ал жөнөтүлгөн жардам келээри менен ооруканага өткөрүлүп берилерин айтты.

«Дарыгердин кыздары жиберген АКШдан жардам катары келген каражаттар кечинде келсе, алар таркатылып берилет. Бул тууралуу кошумча маалымат да берилет», — деди Баймуратов.

Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Учкун Эргешовдун айтымында, апрелдин башында Камиловага АКШдан кыздары чалып көмөктөшүүнү каалашканын айтып апасынан видеокайрылуу жасоону суранышкан. Кайрылууда дарыгер коргонуучу каражаттар зарыл экенин айткан. Бирок жергиликтүү бийлик да, Саламаттык сактоо министрлиги да аталган маалыматты четке кагышкан.

«Камилова менен мен өзүм сүйлөштүм. Анын жардам алышына мен каршы эмесмин дедим. Азыр урушуп-талаша турган мезгил эмес да, ошого ага басым болду дегендерге да каршымын. Биз жакшы эле сүйлөштүк, болгону ал кыздарынын айтканын кылган», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал Камилова коронавирусту жуктургандар менен карым-катнашта болгон адамдарды көзөмөлдөөгө милдеттендирилген эместигин белгилеп, айрым дарыгерлер «дүрбөлөңгө түшүп калып жатышат» деп кошумчалады.

13-апрелде фейсбукта Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында иштеген дарыгердин видеокайрылуусу жарыяланган. Ал кайрылууда Камилова медкызматкерлерге коргонуучу каражаттар зарыл деп айтып жардам берүүнү суранган. Себебин шаарда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор бар деп түшүндүргөн.

Мурдараак, дарыгер Бектур Апышев твиттерде ага берилген беткаптын сапатына даттанган. Көп өтпөй ага басым болуп жатканын айткан. Кийинчерээк дарыгер ыктымал так эмес маалымат бергени үчүн видео аркылуу кечирим суроого аргасыз болгон. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев дарыгерди видеого кечирим суратып соцтармактарга чыгаруу туура эмес деген.

Ал эми УКМК Апышевдин кайрадан кечирим суроосуна тиешеси жоктугун билдирген. Жалган маалымат таркаткандардын арасында медицина кызматкерлери да бар болгондугун айтып, баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланган.

Кыргызстанда 15-апрелде 15 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы кабарланды. Алардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Ош облусунда, калган ону Ош шаарында катталды. Ушуну менен вируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 98ди түздү. Алардын арасында дарыгерлер, орто жана кичи медперсоналдар, санитардык кызматкерлер жана ашпозчулар да бар.