Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы пневмониядан көз жумду

Абдыкайым Оморов

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов 14-июлда пневмониядан улам каза болду. Ал 62 жашта эле.

Оморов тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында некролог жарыяланды.

«Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бөлүм башчысы, белгилүү экономист, кыргыз элинин чыныгы уулу Абдыкайым Оморовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп жазылган анда.

Ошондой эле аны, бир катар саясатчылар эскерип жатышат.

«Абдыкайым Рысбекович профессионал адис эле. Эч кимдин көңүлүн оорутпаган адамгерчиликтүү сапаттары жогору эле. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө, “отпускага чыгып Чаткалга бир ай туугандарымды кыдырам, жайлоого чыгам” деди эле, шум ажал арабыздан алып кетти», — деп жазды депутат Эмил Токтошев.

Оморов Жалал-Абад облусунун Жаңы-Базар айылында туулган. Ал 22 жашында Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун аяктап, ошол эле жылы экономист катары эмгек жолун баштаган.

41 жашынан Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комитетинде эксперт, андан соң 2015-жылдан азыркы күнгө чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары жана бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Каржы-экономика ишинин мыктысы», «Салык кызматынын мыктысы», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» жана бир катар наамдар ыйгарылган.

Маркум өмүрүнүн 41 жылын экономика багытына арнаган.

Өлкөдө пневмония оорусу күч алды – март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 497ни түздү. Илдетке Жогорку Кеңештин депутаттары жана бир катар саясатчылар да чалдыкты. Алардын бири вице-спикер Аида Касымалиева. Ал учурда пневмониядан дарыланып жатканын айткан.

Ага чейин мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, каза болгон. Ошондой эле, илдет депутат Бактыбек Турусбековдо, экс-депутат Камчыбек Ташиевде жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде да аныкталган.