Бишкекте Covid-19га чалдыккан 27 жаштагы кардиолог каза болду, министрлик тастыктай элек

Жумабай Бекмуратов

Бишкек шаарында кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог дарыгер Жумабай Бекмуратов 13-июлда каза болду. Анын жакындарынын айтымында, ал коронавирус жуктуруп алган болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги медиктин өлүмүн тастыктай элек.

«1 жума мурун "досум концентратор алып коюш керек болуп атат" деп жазган элең. Бейтаптарга керек окшойт деп, концентратор саткан адамдын номерин бериптирмин. Ошондо ден соолугуңду эмне сурабадым мен?! Кеттик Түркияга десем, “баарыңар кетсеңер Кыргызстанда ким калат” деп калдың эле. Арабыздан эң жакшысы эле! Бүгүн кыргыз дагы бир азамат уулунан ажырады!» — деп жазды фейсбукта анын досу Нурсеит Мамыров.

Бекмуратовдун кайтыш болгонун устаты, Баткен облустук гимназиясынын география мугалими Султан Момунов тастыктап, аны эң мыкты окуучусу катары эскерди.

«Кичипейил бала, жаркылдап турат эле. Мектепте аябай жакшы окуган. Жаш кезинен дарыгер болом дечү — бөлмөсүнө “кардиолог Жумабай Бекмуратов” деп жазып, илип алчу. Адамгерчилиги менен айырмаланып, мен Бишкекке барып калсам тосуп алып, убактысын бөлүп, ал-абалымды сурап турчу», — деди ал.

Анын айтымында, маркум ага коронавирусту жуктуруп, бирок андан айыкканын айткан. Бирок аз убакыт өтпөй Момунов окуучусунун оорудан каза болуп калгандыгы тууралуу суук кабарды уккан.

Маркумдун сөөгү кичи мекени Баткен облусундагы Кара-Бак айылында 14-июлда жерге берилди.

Ал Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда эмгектенип жаткан. Биз аталган борборго байланыштык. Алгач бир нече убакыттан соң тактап берүүнү убадалашып, бирок эки күн өтсө да медиктин өлүмү тууралуу маалымат бере алышкан жок.

Бир гана өзүн системалык администратор деп тааныштырган киши ушундай сыяктуу окуя болгон деп айтты, бирок расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова борборго байланышып Бекмуратов тууралуу маалымат алып берерин айтты. Бирок материал чыгаар алдында жооп ала алган жокпуз.

Бекмуратов Баткен облустук гимназиясын аяктаган соң, Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиясында кардиологияны окуган. Аны аяктап, ошол эле окуу жайдын анестезиология-реаниматология кафедрасында билим алган. 2014-жылы Түркиядагы ооруканалардын биринде тажрыйба алмашып кайткан.

Эки багытты аркалаган Бекмуратов, 23 жашынан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда эмгек жолун баштаган.

Кардиолог да, анестезиолог-реаниматолог да болуп иштеген Бекмуратовдун артында жаш жубайы жана бир уулу калды.

Өлкөдө жалпысынан 1980 медкызматкер COVID-19ду жуктуруп – анын 580и оорудан айыгып чыкты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, коронавирус жуктуруп алты медкызматкер каза болду.

Ошол эле учурда пневмонияга чалдыгып кайтыш болгон медиктердин саны алда канча көп. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов пневмонияны коронавирус шарттап жатканын моюндады. Бирок ошого карабастан коронавирус менен пневмониянын статистикасы ар башка жүргүзүлүүдө.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт статистикаларды ар башка санап жатканын медкызматкерлерге төлөнчү компенсация менен байланыштырат.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган канча медикке компенсация төлөнүп берилгени белгисиз.