Коронавирус: Ош облустук ооруканасынын башчысынын орун басары Темиркан Жарматова көз жумду

Темиркан Жарматова президенттен сыйлык алып жаткан учур

16-июлда Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматова каза болду. Мындан мурун анын тапшырган анализинен коронавирус аныкталган.

Жарматова аталган ооруканада 1979-жылдан тарта эмгектенип келген. Маркум 40 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарды аркалап, 2014-жылы анын демилгеси менен аталган ооруканада гепатология бөлүмү ачылган. Анда инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу үчүн тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө салым кошкон.

Маркум 2010-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин «Ардак грамотасына» татыган жана 2020-жылдын январында «Эмгек сиңирген дарыгер» наамын алган.

16-июлга карата коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2076га жетип, алардын 583ү коронавирустан айыкты. Расмий статистика боюнча коронавирус жуктуруп каза болгон медиктердин саны — алты.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Ошондой эле, коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов пневмонияны коронавирус шарттап жатканын моюндады. Бирок ошого карабастан коронавирус менен пневмониянын статистикасы ар башка жүргүзүлүп келет.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова да 16-июлдагы брифингде пневмонияны коронавирус шарттап жатканын Саламаттык сактоо министрлиги моюндаганын билдирген. Анткен менен Исмаилова пневмония менен коронавирустун статистикасы бириктирилип-бириктирилбесине так жооп берген жок.

Ал эми депутат Дастан Бекешев статистикалар бириктирилбей жатканын медиктерге төлөнчү компенсациялар менен байланыштырган. Анын айтымында, мындай учурда пневмонияга кабылган медицина кызматкерлери өкмөттөн төлөнчү кунду талап кыла алат.