Кыргызстанда коронавирустан дагы 86 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-июлга карата коронавирустан дагы 86 бейтап айыкканын кабарлады.

Ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын 13ү Бишкек шаарында. Ошондой эле, Чүй облусунан — 25, Нарын облусунан — эки, Баткен облусунан — сегиз, Ысык-Көл облусунан — беш, Жалал-Абад облусунан — 21, Талас жана Ош облустарынан — бирден жана Ош шаарынан — он бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 3 821ге жетти. Алардын 592си медкызматкерлер. Ал эми илдет 13 101 адамдан аныкталган.

17-июлга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 603 учуру катталды. Ушул тапта 709 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. 159 бейтаптын абалы оор. Ал эми COVID-19 илдетинен 173 каза болду.