Аксы районуна кайрадан карантин киргизилди

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы району 20-июлда кайрадан карантинге алынды. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынын аппарат жетекчиси Мирлан Сагынбаев «Турмуш» басылмасына билдирген.

Анын айтымында, мындай чечим эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. Посттор орнотулуп, көчөгө себепсиз чыгууга тыюу салынды.

«Район борбору Кербен шаарына келүүчү адамдарга дагы чектөө киргизилди. Кербен шаарына зарыл иши бар адамдар атайын уруксаттын негизинде гана киргизилет. Мындан сырткары дүкөндөр, тамактануучу жайларды кечки саат 20:00дөн кийин жабуу талабы коюлду», — деп билдирген ал.

Ошондой эле райондогу «Сары-Челек» жана «Падыша-Ата» эс алуучу жайлары да карантинге жабылган.

Аксы районунда 20-июлга карата коронавирустун 49 учуру катталган — алардын бешөө айыгып, эки киши илдеттен каза тапкан. Калган 42 бейтап дарыланууну улантууда.

Коронавируска байланыштуу Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондоруна 25-марттан өзгөчө абал тартиби киргизилген. Андан соң 11-майдан тарта ӨА алынган.

Бирок өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда — 20-июлга карата коронавирустун жалпы 27 143 учуру катталып, анын ичинен 1037 адам илдеттен каза тапты.

Ал эми өкмөт ӨА режимин кайрадан киргизүү эпидемиологиялык абал өтө начарлаган шартта мамлекет тарабынан көрүлө турган акыркы чара деп эсептеп, аны киргизбөө үчүн болгон аракетин жумшаарын айткан.